Menu

Экономикадан түшүнүгү алыс Панкратов экономиканын түбүнө жетмей болду

Бөлүшүү:

Олег Панкратов кайсыл бийлик болбосун айланып келип эле экономиканы тейлеген министр болуп чыга келет. Өзү экономика багытында билим алган эмес. Педагогикалык институттан “физика, информатика жана эсептөө техникасы” адистиги боюнча биринчи диплом алса, кийин “юриспруденция” багытындагы жогорку билимге ээ болгон. Анын эки жогорку диплому экономикага кытайдын килейи менен жармаштырса дагы жармашпай турган тармактар болуп жатпайбы. Ушундай адам кантип экономиканы көтөрүүгө дараметтүү болмок эле. Кечээ болсо электр энергиясынын баасын көтөрүш керек деп уялбастан үн катты. Бул Бакиев учурунда дагы көтөрүлүп, Бакиевдин түбүнө ушул саясат жетпеди беле? Бакиевдин бийлиги электр энергияны көтөргөндө аярлуу катмарга колдоо көрсөтүүнү дагы иштеп чыккан. Панкратов бааны көтөрүүдөн мурун кандай негизде баа көтөрүү схемасы ишке аша турганын так айтып, элге оорчулук түшпөй турган жолун көрсөтпөйбү. Андайга жарабаса көтөрөм деген идеясынан кайтып, иштей турган, экономиканы эптей алчу азаматтарга ордун бошотуп бериши керек.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: