Menu

Берадор менен Алтынбек, айтышып жатат акыйнек

Бөлүшүү:

Социалдык тармакта айтылуу эстрада ырчысы Бек Борбиев айрым депутаттарга тийишип, “Мен деле сендей депутатмын дейт, шайлоочусу бар депутатка, шайлоочусу жок депутат” деген пост жазып талкууга алынды. Бул сөз жакпай калдыбы же чычалап кеттиби ким билсин, ЖК жылдызы Алтынбек Сулайманов бул постко пикир калтырып, акыйнек башталып кетти.

Алтынбек Сулайманов: Берадор Сманович, биз да билебиз сиздин акчалуулардын партиясы менен келе жатканыңызды.)) Сиз да шайлоочусу жок депутаттардын катарын толуктап калышыңыз мүмкүн. ))) Жөжөнү күздө санайбыз!

Бек Борбиев: Баса, жөжө демекчи…) Партиянын түсүн жөжөнүн түсүнө өзгөртүпсүңөр. Демек партиянын жалпы максаты «эптеп бийликке жетүү» эмес, элге кызмат кылуу болуп өзгөрсө керек деген ниеттебиз. Аддыдагы шайлоодо ийгилик!

Алтынбек Сулайманов: Шайлоочусу азыраак болушу мүмкүн, жок эмес. Күйөрманы жок ырчы болобу? Азыраак болушу мүмкүн.)))

Бек Борбиев: Алтыке, Бир болдо өзгөчө көп, шайлоочусу жок депутаттар, билебиз)) Балким алардын акчасы коп болушу мүмкүн..) Акча – бул добуш принциби менен карап жаткан болсоңор, анда туура эле. Акчалуулар өлкөнү парламенттен башкарып, каалагандай калчап келатканы бул факт. Арга жок.. Бирок бир күнү акчасы жоктор барып калышы мүмкүн..

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: