Menu

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусов көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-ноябрда белгилүү болгондой, 13-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкердигин карайт.

Буга чейин анын бул кызматка талапкердиги бийликтер тарабынан чечилгендиктен парламенттин комитети формалдуу түрдө гана макулдугун берет.

Ибрагим Жунусов азыр Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын 2014-жылдан бери аркалап келатат. Бирок, ал жердеги мөөнөтү аяктап бараткандыктан ал кызматын таштап кетиши керек эле. Өлкө алдындагы эмгегин эске алган жогорку саясый жетекчилик аны жаңы кызматта пайдалануу чечимин кабыл алгандай.

Ибрагим Жунусов 2007-жылы ноябрда КР Жогорку Кеңешинин IV чакырылышына “Ак жол” партиясынан депутат болуп шайланып келген жана “Мен “Ак жолдун” солдатымын!” деп ачык айтып, ак кызмат кылган патриот.

2010-жылы ноябрда “Ата-Журт” партиясынан КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышына депутат болуп шайланып келген жана ушул эле партиянын квотасы менен декабрда КР Өкмөтүнүн вице-премьер-министри кызматына шайланган.

2011-жылы декабрда жаңы түзүлүп жаткан өкмөткө “Ата-Журт” фракциясы Ибрагим Жунусовдун талапкердигин сунуштабай коюп, экс-акжолчу жана атажуртчу Ибрагим Жунусов вице-премьерлик кызматынан ажыраганда КСДПчы президент  Алмаз Атамбаев өзүнүн көмүскөдөгү квотасы менен КР Маданият министри кызматына шайлатууга жетишкен.

2014-жылы КР өкмөтү тарап, жаңы өкмөт түзүлгөндө министрлик портфелден ажыраган Ибрагим Жунусовду КСДПчы президент Алмаз Атамбаев сүрөмөлөп, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматына дайындашканда коомчулук Жунусовдун тубаса дипломат экенине тан беришкен.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: