Чүй облусунун Кайыңды шаарчасындагы ооруканада чарчаган наристенин өлүмү боюнча кыргыз бийлигинен азырынча эч ким үн ката элек.
Эки жашар наристени апасы жаңы таанышына таштап, Россияга иштегени кеткен. Ал аялдын өзүнүн үч баласы бар.
Анын айтымында, эки жашар бала эки кабат керебеттен кулап түшкөн. Бирок баланын сабалганы анык болгон. «Бул кайгылуу окуя бизге маанилүү сабак болду. Биз эми балдардын үстүнөн болгон зордук-зомбулуктун кайсы түрү болбосун аларды коргоого милдеттүүбүз. 119 миңден ашуун баласын таштап мигрант болуп кеткен ата-энелердин балдарын расмий түрдө кароо үчүн жоопкерчилик менен камкордукка ала турган адамдардын сөзсүз болушу керек» деди өз билдирүүсүндө Бириккен Улуттур Уюмунун балдар фондусунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ