Menu

Биринчи эфириңиз эсиңиздеби?

Бөлүшүү:

Жакында теле тармагында иштеген кесиптештер өзүнүн кесиптик күнүн майрамдашты. Камера, кассета, микрофонду көтөрө чуркап, мамлекеттин булуң бурчунда ар кандай маселени элге жеткирип теленин журналисттери эл майрамдаса булар иштешет. Өзгөчө эфир алып барууда кыйналган, ыйлаган кадр артындагы окуялар күн сайын кызыктар менен коштолот. Теле кызматкерлеринин биринчи эфири алардын эсинде түбөлүккө калат. Дал ушул күндүн урматына ар кайсыл теле каналда иштеген кесиптештерден биринчи эфири тууралуу сураштырып көрдүк.

Мирзат Муканов, НТС телеканалынын диктору: «19 жашымда эфирге чыккам»

—Анда мен Касым Тыныстанов атында-гы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти болчумун. «Эртең саат тогузга облустук телевидениеге келип кетиңиз. Директор сизге жолугам деп жатат»,- деп чалышканынан, тыпыйып костюм-шымды кычырата кийип алып бардым. Жетекчи мурда мени сыртымдан байкап жүрчү экен. Кирип барсам, директордун иш бөлмөсүндө жыйналыш болуп жатыптыр. Анда Турганбек Жунушалиев деген киши директор болчу «Аа, балам кел, сени чакырганыбыздын себеби мындай: Бизге диктор болуп иштейсиңби?»,- деди. Мен дароо эле макул болдум. «Отурушу-өзүнө ишенимдүү экен. Алып кете алат»,- дешти ал жакта отургандар. Ошентип, ошол кунү эле кечки жаңылыктарды алып бармай болдум. Сүйдүмкан Жолдошева деген эже, азыр телевидениенин ардагери – «Стулга балтайып отуруп албай, кырына гана отур. Осанкаң түз болот, үнүн да жакшы чыгат»,- деди да, жаздырышты. Ошентип 19 жашымда биринчи жолу эфирге чыккам.

Адыл Акжол уулу, «ОшТВ» телеканалынын журналисти: «Стендап жасап атып көрүстөнгө түшүп кетип…»

—Алгачкы эфирим мындан 6 жыл мурун болгон. Анда ОшТВдагы «Ыр майдан» маданий көңул ачуучу программага алып баруучу катары эфирге чыккам. Жаңы алып баруучумун да текст жазып, кийимдеримди даярдап, тыным жок. Эрте менен ачка эле жумушка келип күн бою даярдык көргөм. Чай ичүүгө да убакыт болбой эфирге жакшы тартылыш керек, кандай болот эми? деп ойлонуп жатып тамактануу ойго да келбеген. Акыры тартылдым. Кеч кирди. Иттей эле чарчадым. Үйгө бардым да азыр чай коём деп чечинбей төшөккө жаткан бойдон уктап калыптырмын. Ойгонсом эрте мененки саат 8:00. Өңүмбү, түшүмбү, түшүнбөй калгам. Карасам эшикти да жаппай ачык калтырган экем. Студентмин да үйдө даяр тамак жок. Баарын өзүм кылам. Эфирге тартылам деп 24 саат бою тамактанбай катуу чарчаган экем. Ошондо дагы жакшы газды жандырып чай койбогонума кубанам да. Дагы бир кызыктуу учур болгон эле жаңылыктарга материал жасап жатып көрүстөнгө түшүп кеткем. Жергиликтүү тургандар көрүстөндү суу каптап, адамдардын сөөктөрүн ит сүйрөп жүрөт деп айтып, көргөзүп жатышкан. Бир маалда мен стендап жасайын деп сүйлөп келе жатып, баягы ылай болгон жумшак көрүстөндүн үстү түшүп кетип мен кирип кеттим. Өзүм реалдуулукту жакшы көрөм ошондуктан стендапты үзбөй, « бул жерден абайлабаса мага окшоп көрүстөнгө түшүп кетүү бат экен» -деп айтып чыгып кеттим. Операторду тартып алдыңбы десем «сенин түшүп кеткениңди тарткан жокмун. Баары бир башынан стендап жасайт дедим»-дейт. Ошондо өзүм көргө түшүп ыңгайсыз сезимде туруп да эфирди ойлоп, операторго ызалангам.

Актилек Гүлжигит кызы, «Ала -Тоо» маалымат бөлүмунүн кабарчысы: «Эфир абдан чоң ырахат тартуулайт»

—2013-жылы болчу, биринчи эфириме чыккан күнүмдүтаптакыр унутпаймын. Мен жөнөкөй кабарчы болуп иштеп жаткам. Бир күнү эле жетекчилик бир сааттан кийин күндүзгү жаңылыктарды түз эфирде алып чыгасың деп калышты. Эфир алып баруу тажрыйбам жоктугунан коркуу сезимдери болгон. Абдан толкундангам. Суфлер эмне экендигин билбейм, эфирдин этикасы жөнүндө эптүү окуган эмесмин. Жетекчилик катуу талап койгондуктан баш тарта албадым. Ошентип, алгачкы эфирим 15 мүнөттүк күндүзгү жаңылыктар болду. Толкунданып атып, кантип бүткөнүн билбей калгам. Мени алып барганым жетекчиликтин купулуна толуп, ошондон кийин жаңылыктарды алып барып калдым. Эфир абдан ырахат тартуулайт. Бир чыгып алсаң ысык суугуна тоңуп иштей бересиң.

 

Айбек Асанбек уулу, ЭлТР телеканалынын алып баруучусу: «Телеге байлаган тагдырыма ыраазымын»

—Мен ЭлТРге келгендеги алгачкы эфирим бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Кантип толкунданып олтурганымды дагы деле эстегенде жаңы келген журналисттерге айтып күлүп калабыз. Мени алгач жаңылыктарга алып баруучу кылышкан. Бирок менин алып барганым көңүл ачуучу программаларга ылайык дешкен. Ошентип мен маданий музыкалык көрсөтүүлөрдү алып барып калдым. Андан бери такай көңүл ачуучу программаларды алып барып, теленин казанында кайнап келе жатам. Кээде жакындарыма «ушул ЭлТРден пенсияга чыгат ок шойм»-деп айта берем. Телеканал менин каныма сиңип калган нерсе. Ушул телеканалда иштеп жүрүп бир нече сыйлыктарга ээ болдум, жакшы адамдар менен тааныштым, сапарлаш, туз насиптеш болдум. Телеге байлаган тагдырыма ыраазымын.

 

Акылай Маратова, Next Тv телеканалынын кабарчысы: «Коноктордон сүрдөп…»

—Өзүм деле телеканалга жаңы гана жумушка баргам. Эфирге чыгууга туура келип калды. Акыйкатчы шайланат деген маалда алгачкы жолу эки талапкер менен Түз эфирге чыккам. Түз эфир учурунда чакырылган конокторум эмес, мен сүрдөгөм. Бир сааттык эфир болгону менен менин эфирим 40 мүнөттө эле бүтүп калган. Кадимкидей толкунданып, бир сөзүмдү тапсам экинчи сөзүмдүтаппай, өлкөнүн акыйкатчысы болом деген аттуу баштуулар келгендиктен калчылдап калганым дагы деле эсимде турат. Азыр болсо аз аздап көнүп келе жатамын.

Жанара Эсенова, СТВ телеканалынын алып баруучусу: «Режиссердон аябай коркком»

—СТВ теле каналына журналист болуп ишке орношуп таңкы теле берүүнү алып барууга милдеттүү болгом. Эфирге даярданып келгеним менен камерадан сүрдөбөй режиссёрдон аябай коркком. Анткени ал өтө каардуу киши эле. Анын үстүнө өзүм орус тилдүү болуп чоңойгондуктан кыргыз тилиндеги эфирди жетекчимден тил укпай алып барсам экен деп чочулагам. Ошол учурда кесиптештеримдин бири «Жанара, камерада кызыл жанып турат, ошону карап сүйлө»-дешкен. Азыркыга чейин ошентип сүйлөп келе жатам. Кудайга шүгүр, дарак бир жерден көгөрөт дегендей, буюрса ушул телеканалда 2013-жылдан бери эмгектеңип келе жатамын.

Даярдаган: Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: