Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Улуттук көчмөндөр оюндарында жүрөк толкуган көз ирмемдер болду…”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюнуна барыпсыз. Көчмөндөр оюнунда кандай жетишкендиктер, кандай катачылыктар болду?..

– Республикалык деңгээлде биринчи жолу өтүп жаткан Көчмөндөр оюну абдан жакшы өттү. 7 дубандын эли өз желектерин көтөрүп, абройлуу кадыр-барктуу адамдары менен бирдикте параддан өтүштү. Чыны менен сыймыктанып, жүрөк толкуган көз ирмемдер болду. Ошол көчмөндөр оюну кыргыз эли ынтымакта болсо, биримдикте иш кылса, ким президент болсо да, бир адамга баш ийсе баары ойдогудай болоорун далилдешти. Президент куттуктоо сөзүн сүйлөп, кайра ордуна отургуча эл кол чаап, туруп, өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылышты. Ошол жерден мага бир идея келди. Ким президент болсо да, шылдыңдап сүрөтүн түрдүү форматта жарыялабай сыйлоону үйрөнсөк, биримдикке, ынтымакка келсек, улут катары өнүгөрүбүзгө көзүм жетти. Президентке желекке, гербге, гимнге кандай аяр мамиле жасагандай мамиле жасоону өздөштүрсөк, жаш эгемендүү өлкө катары өнүгө алабыз. Биз ал бул маселени айтып, башты оорутпай өнүгүү жолуна түшүп, мамлекетибизде ынтымакты жана биримдикти бекемдешибиз керек.

-Көчмөндөр оюну кынтыгы жок өттүбү же сиз макул болбогон нерселер да орун алдыбы?

– Жалпы жонунан алганда баары жакшы болду. Бирок, анча мынча да катачылыктар орун алды. Маселен, Талас облусунун губернатору туура эмес сүйлөп, “Талас элинин атынан куттуктайм”- деди. Бирок, анысы кечиримдүү. Анткени, бизде мамлекеттик деңгээлдеги коомдук ишмерлер, саясатчылар да ошондой катачылыкка жол бере беришет. Терминдерди туура эмес пайдаланышат. Маселен, “Талас элинин атынан куттуктайм” дебей, “Талас облусунун жашоочуларынын атынан куттуктайм”- десе орундуу болмок. Бизде кыргыз эли гана бар. Ушул жагынан көп саясатчыларыбызга, чиновниктерибизге филология жагынан билим жетишпейт. Ар кайсы региондон чыгып алышып эле өз региондорун атын атап, ошол региондун элдеринин атынан сүйлөй беришет. Ушул туура эмес. Кыргызстанда кыргыз гана эли бар. Талас, Чүй же Ош, Жалал-Абад эли деген түшүнүк жок. Кыргыз эли этнос эмес, түптүү эл. Титулдук улут. Саясатчылар ушул жагын эске алып, эл алдына чыкканда туура сүйлөшсө жакшы болот эле.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: