Бүгүн, 16-ноябрда Орусиянын Челябинск шаарындагы Елькин көчөсүндө жайгашкан эмерек кампасында өрт чыкты. Өрт өчүргүчтөр жарылуу коркунучу бар экенин кабарлашты. Бул тууралуу 5-tv сайты жазып чыкты.
Тилсиз жоо аянты 200 чарчы метрди ээлеген бир кабаттуу эмерек кампасында чыккан. Кампадан алыс эмес жайгашкан имаратта пропан жана газ баллондору сакталгандыктан жарылуу коркунучу келип чыккан.
Ошондой эле учурда өрттүн чыгуу себептери белгисиз. Каза болгондор менен жарадар болгондор тууралуу азырынча так маалыматтар жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ