Menu

Төрага Дастанбек Жумабеков Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барды. Делегациянын курамында кимдер бар?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-февралда төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Бириккен Араб Эмираттарына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Делегацияны Абу-Даби шаарындагы аба майданынан Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаш тосуп алды.

Федералдык улуттук кеңештин Төрагасы Сакр Гобаштын чакыруусу менен уюштурулган расмий иш сапардын алкагында бир катар маанилүү жолугушуулар өтүп, эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселелеринин талкууланышы күтүлүүдө. Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин делегациясы Сауд Арабия Королдугунда расмий иш сапары менен болгон.

Парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар.  Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, экономика министринин орун басары Султан Ахматов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: