Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн парламентинин жыйынында сөз сүйлөйт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү Өлкөнүн Президентинин катышуусу менен өтөт.

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө, ал өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолот.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкөнүн Президенти Жогорку Кеңештин жыйындарына чыгып сүйлөөгө укуктуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: