АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жарадамчысы Элис Уэллс 1-февралда Ташкентте жарандык коом активисттери менен жолугушту. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына көз карандысыз журналист Абдурахман Ташанов билдирди.
“АКШ Мамлекеттик департаментинин жогорку даражадагы аткаминерин президент Шавкат Мирзиёевдин жарандык коом өкүлдөрүнө байланыштуу саясаты кызыктырды. Биз ага өлкөдө болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жана орчундуу проблемалар туурасында айтып бердик”, – деди Ташанов.
Журналисттин айтымында, америкалык делегация өкүлдөрү Мирзиёев жүргүзүп жаткан саясатка канааттанышып, аны колдоого даяр экенин билдиришти.
Элис Уэллс Ташкентте Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Сенат төрагасынын биринчи орун басары Содик Сафоев жана Өзбекстан президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматилло Эргашев менен жолукту.
29-январда АКШ Мамлекеттик департаменти Элис Уэллс сапарынын максаты – президент Мирзиёевдин реформасынын алкагында аткарылган иштерди талкуулоо экенин кабарлаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ