Menu

Иса президентти сөзгө калтыргысы келеби?

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө көпчүлүк коалициянын курамы кайсы фракциялардын ортосунда түзүлөт деген маселе коомчулуктун көңүл борборунда турат. Президент жаңы коалицияны куроо вазийпасын  КСДПга тапшырган. КСДПнын лидери Иса Өмүркулов учурда коалиция куроо боюнча “Бир Бол” жана Кыргызстан партиялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Республика – Ата-Журт” партиясы менен көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү али жүргүзө электигин маалым кылды. Ак үй жактагы соккон желге караганда “Кыргызстан”, Республика – Ата-Журт” жана КСДП көпчүлүк коалицияны түзөт. Бирок бул үч партия түндүк тараптан болгондуктан, түштүк аймактагы таасирди жоготуп албоо үчүн учурда президент бакиевчилер деп сынга алган “Бир Бол” фракциясы менен Өмүркулов сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бул эми айла жоктун иши катары саналган менен, эгер Иса мырза “Бир Болду” коалицияга кошсо президентти коомчулуктун алдында сындырган болот. Дегенибиз, президент сынга алган фракцияга КСДПнын лидери жармашып, коалицияга киргиле деп жүргөнү логикага сыйбайт да. Кызыгы, президент “бакиевчилер” деп айтып оозун жыйганча, Иса эң ириде “Бир Бол” менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кандай түшүнсө болот?

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: