Menu

Көмүрдүн баасы өмүрдүн баасындай болот

Бөлүшүү:

Кылычын алып кыш келе жатат. Быйылкы жай ысык болду. Аба ырайынын алдын ала айтуучулардын пикиринде быйыл кыш жеңил болбойт. Мунун себеби жайдын ысык болушу менен түшүндүрүшөт. Анда быйылкы кышка даярдыкты ушул таптан көрө баштоо керек. Негизгиси отун даяр болсо болот. Бирок, отунубуз даярбы? Жылдагыдай көмүрдүн баасы күн санап көтөрупүп баратат. Ушул тапта “Кара-Кече” көмүр баасы 4 миң сомго чейин сатылууда. Мурдараак эле 5700 сом болчу. Бул темп даагы жогорулашы мүмкүн. Себеби, быйыл Казакстандын “Шабыркүл” көмүрү Кыргызстанга ташылбайт деген божомолдор бар. Кыргызстандагы көмүр ташыган мекемелер Кыргызстанды көмүр менен камсыз кыла алабы, ал азырынча белгисиз. Эгер Казакстандан көмүр кирбесе көмүрдүн баасы бир топ жогору болот. Ушул тапта Баткен облусунда эң кымбат көмүрдүн 1 тоннага болгон баасы – 8,5 миң сомду түзөт. Бир жума ичинде көмүргө болгон баа көтөрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Кыргызстандын калган шаарларында баалар өзгөргөн эмес – бир тоннага болгон орточо баа 4,5 миңди тузөт.

Жогору коюлган баа, андан сырткары Кара-Суу шаарында дагы байкалып 7,7 миң сом. Ноокатта – 6,9 миң сом жана Ош шаарында 6,2 миң сом менен бааланууда.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: