Ишкердүүлүк үчүн ыңгайлулуу өлкөлөрдү изилдөөчү “Doing business” рейтингинде Кыргызстан 70-орундан 75-орунга көтөрүлүп, өзүнүн позициясын жакшыртты.
Дүйнөлүк Банктын аналитиктеринин айтымында, постсоветтик айкынында ишкердик жүргүзүүгө эң ыңгайлуу өлкө болуп мурдагыдай эле Грузия саналат, бул жолу ал рейтингде 6-орунду ээледи. Ошондой эле жакшы көрсөткүчтөргө Литва 14-орун, Эстония 16-орун жана Латвия 19-орунду ээлеп көрсөттү.
Андан соң 25-орунду ээлеп Азербайжан, андан сон 28-орунда Казакстан, 31-орунда Орусия, 37-орунда Беларусия, 41-орунда Армения, 47-орунда Молдавия жайгашкан. Тизмени 71-орунду ээлеп Украина, 76-орун менен Өзбекстан жана 126-орундагы Тажикстан жыйынтыктайт.
Борбор Азиянын эң жабык өлкөсү болуп саналган Түркмөнстан рейтингге киргизилген эмес.
Эске салсак, былтыр аталган рейтингде Кыргызстан 75-орунду ээлеген.
Ошондой эле өткөн жылы америкалык экономикалык “Forbes” басылмасы «Best Countries for Business» («Бизнес жүргүзүү үчүн мыкты өлкөлөр») рейтингинде Кыргызстанга 123-орунду берген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ