Menu

Кыргызстандын АШАдан кийинки “шефи” ким болот?

Бөлүшүү:

Азыр элдин оозундагы эки сөздүн бири жакындап келаткан президенттик шайлоо болуп калды. Атамбаевдин артынан ким бийликке ээ болоорун табышмакка айлантып, жандырмагын табууга көбү куштар. Бирок, ошол бир жылга чейин президент бийлик башында туруп бере албай калышы мүмкүндүгү да акырын айтыла баштады. 

Ак үйдөгү жеке булактардын маалыматына таянсак, Атамбаевдин чыдамы дагы төрт айга гана жетиши мүмкүн экен. Бул план көп убакыт мурун эле түзүлүп, бышырылып, ишке ашаарына саналуу айлар калганда гана сапырылып калыптыр.

Түзүлгөн план боюнча, 2017-жылдын февраль айында Атамбаев “тойдум байдын кызына” деген бойдон, түйүнчөгүн түйүп, “эркиндикке” ураалап узамак. Ордуна азыркы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду таптап-баптап, даярдап калтырып, кийинки президенттик шайлоону өткөрүү милдетин моюнуна жүктөп коймок. Бирок, жөн жүрбөгөн Өмүрбек Текебаев “Дастан” заводуна тийиштүү делген, мурда Максим Бакиевдин менчигинде туруп, андан кийин колдон-колго өтүп атып, Атамбаевдин энчисине тийип калган жердин чындыгын коомчулукка жарыялап салды. Мындан улам коомчулук Албек Ибраимов менен Атамбаевдин алака-катышын, өзгөчө жакындыгын билип алышкандыктан, Ибраимовдун капысынан эле президенттин ордуна барып отуруп калышы  нааразычылыктардын күчөгөн толкунун пайда кылмак. Ошентип, ажонун шаар башчысына арнап жүргөн оюн таш кааптыр.

Атамбаевдин мураскери тууралуу да ар кандай маалыматтар айтылып жүрөт. Азырынча, бул орунга эки талапкердин ысымы анча-мынча эл аралап, билинип калды. Алар – Сапар Исаков менен Абдил Сегизбаев.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков жакында эле президенттин колунан экинчи даражадагы “Манас” орденин алды. Бул “президенттин мураскери болушу мүмкүн” деген божомолдорго от чачкандай кылды.

МУККнын төрагасы Абдил Сегизбаев аталган кызмат орунуна “а” деп барганда эле келечек бийлик ээси катары айтыла баштаган. Президент мураскерин даярдап баштагандыктан, кызматтардын тепкичинен тепкичине көтөрүү максатында, такыр туура келбеген кесиптин ээсин чекистердин башчылыгына дайындап койду дешкен. Бирок, ортолорунда кандай ала мышык аттаганын ким билсин, жалгыз мураскер катары аталуудан калып, бийлик тактысындагы “бактысын” талашкан Сапар Исаков деген ысым пайда болду.

Маалыматтарга караганда, бул эки мураскер тең Россиянын кароосунан өтпөй калган имиш. Исаков Түркияда иштин көзүн биле бербегенин көрсөтүп алыптыр. Атамбаев Америкага учуп бараткан жеринен түрк жергесине жеткен кезде өзүн начар сезип, анда конуп, медициналык жардам алууга муктаж болбоду беле. Ошондо, жанында коштоп жүргөн Исаков түрк тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, шефин медициналык мекемекеге жайгаштыра албай, Москвадан жардам сураганга аргасыз болушуптур. “Жардамга муктаж болуп турган мамлекет башчысын бир ооруканага эптеп жайгаштыра албагандан кийин кайсы президент чыкмак эле”- дегендей анын келечек образына салкын көз ташталды.

Ал эми Сегизбаевди Москва биринчи укканда эле далысын салып, кодулап баштаптыр. Анткени, аны орус тарап “Сорос” фондунун “кулуну” катары таанышат. А аталган фонд Украинага революция жасады, Россияга көз артты деген сыяктуу орустар үчүн таза эмес репутацияга ээ болуп калган.

Анын үстүнө Атамбаевдин мураскерлери ким болбосун, Россиянын колдоосуна арзыбай калышы толук мүмкүн. Мамлекет башчысы кыска убакыт ичинде бир катар каталыктарды кетирип, Москванын капачылыгын жаратып алды. Түркияда дарыланып бүтө элек кезинде эле, Кипр мамлекетин эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жибергени – бир, Грузияга барган иш сапарында бул өлкөнүн бүтүндүгүн  колдой турганын айтып салганы – эки. Анан грузин мамлекетинин реформаларын ашепке эле мактап жибергени – үч. Булардын баары Россиянын Кыргызстанга, так айтканда, Атамбаевге карата мамилесин салкындатып, кыргыз президентинин капысынан эле өзгөргөн саясатына оозун ачып калды.

Түркиядан Атамбаевди аман-эсен айыктырып алып мекенине алып келгенден кийин Сапар Исаков маалымат каражаттарына түрк элинин жылуу тосуп алганын айтып бүтө албай, баарына ыраазычылыгын кат-каттап билдирген эле. Бирок, көп өтпөй түрк басылмалары окуяга башка өңүттөн көз таштап, чындыгын жарыялап жиберишти. Анда жазылгандай, Атамбаев Стамбулга баргандан кийин Эрдоган менен байланышка чыгыптыр. Түрк президентине БУУнун жыйынына чогуу барууну сунуштаганы менен терс жооп алып осол болуп калыптыр. Ал турмак, Эрдоган Атамбаевдин “А” тамгасын да уккусу келбегенин айтып, ооруканаларга кабыл алдырууга да каршы болгон экен. Ошентип, эс алуу жайында өзүнө келгиче жаткан биздин ажо түрк бийлигинин  ээлеринин бири да акыбалын сурап басып келбегенине арданып кетип, Кипрди эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жибериптир. Кайра-кайра катачылык кетирүүгө маш президент Кыргызстанга кайтып келгенден кийин төрт айдан кийин бийлик башынан кайып болуунун жолун издеп, артына “кимди калтырсам экен?”- деген маселенин үстүндө баш оорутуп атат дешти.

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: