Бүгүн, 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-августта “Ала-Тоо” аянтында Атамбаевди колдоп, баш аламандык уюштурган 5 атамбаевчини 9-октябрга чейин камакка алды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 8-августтан 9-августка караган түнү укук коргоо органдары Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында жана Ак үй алдында Алмаз Атамбаевдин кармалышына нааразычылык акциясына чыгып, баш аламандык уюштурган 40 атамбаевчини кармаган. Бийлик аларды кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча айыптап жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ