Menu

ЕККУ президенттик шайлоого 350дөн ашуун байкоочу жөнөтөт

Бөлүшүү:

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстандагы 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого 350 кыска мөөнөттүү жана 24 узак мөөнөттүү байкоочуларын жөнөтөт. Бул тууралуу аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты.

ЕККУнун курамына кирген өлкөлөрдөн келген байкоочулар бүткүл өлкө аймагында шайлоо процессине көз салат. Алар ошондой эле шайлоо өнөктүгүн массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга да мониторинг жасайт.

Буга чейин Бишкекте ЕККУнун борбору иш алып барчу. Кыргызстан бийлигинин өтүнүчү менен анын макамы майдын башынан тарта программалык кеңсе катары өзгөртүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: