Menu

Израиль Ирандын Сириядагы объектилерине сокку урду

Бөлүшүү:

Жекшембиге оогон түнү Израиль аба күчтөрү Сириянын аймагындагы Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таандык объектилерге сокку урду.

Израиль тараптын маалыматына караганда, Иран жакынкы күндөрү ал объектилерден учкучсуз башкаруудагы учактар менен Израилге чабуул коюуга даярдык көрүп жаткан.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөгө коркунуч жараткан ирандын объектилерине мындан кийин дагы соккулар жасала турганын билдирди. «Эгер кимдир бирөө сени өлтүргөнү жатса – сен аны биринчи өлтүр», — деп жазды Нетаньяху «Твиттердеги» баракчасына.

Сириянын өкмөттүк басылмалары кабарлагандай, израль ракеталарынын көбү абадан коргонуу системасы менен атылып түшүрүлгөн. Азырынча жоготуулар жана кыйроолор тууралуу так маалыматтар жок.

Израиль аскерлери акыркы кездери Сириядагы Ирандын жана ага тиешеси бар топтордун күчтөрүнө карата бир нече жолу аба соккуларын жасаган. Бирок расмий түрдө ал чабуулдар боюнча комментарий берген эмес.

Ал ортодо Ливан жекшембиге караган түнү эки израиль дрону «Хезболла» радикал тобунун Бейруттун түштүк тарабындагы объектисине жакын жерге түшкөнүн билдирүүдө. Алардын бири жарылып, объектиге зыян келтирген. Азырынча дрондордун атылып түшүрүлгөн-түшүрүлбөгөндүгү белгисиз. Израиль аскерлери бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: