Коррупция беренеси менен 8 жылга соттолуп кеткен Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жаза мөөтөнү 2021-жылдын 20-ноябрында бүтөт. Бул тууралу Сводка (АКИpress) порталына КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирген.
Өмүрбек Текебаев азыр Бишкектеги N47-абакта жазасын өтөп жатат. 2017-жылы 16-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Россиянын жарандарынан 1 млн доллар пара алгандыгы үчүн 8 жылга кесилген.
Андан кийин “Амнистия тууралу” мыйзам боюнча жаза мөөнөтү 2 жыл 8 айга кыскартылган. Соттун чечимине чейинки тергөө абагында олтурган 7 ай 6 күнүнүн ар бир күнү 2 күн деп эсептелет.
21-августта КР Жогорку соту жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдагы чечимин кайра карап чыгуу үчүн кайрадан Биринчи май райондук сотуна жөнөттү.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ