Өзгөн районундагы Аюу кыштагында көчкү алдында калган 16 адамды издөө иштери токтотулду. Мындай чечим денеси табылбай калган 16 жарандын тууган-уруктарынын макулдугу менен гана чыгарылды. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кабарлады.
Эске сала кетчү жагдай: Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштууАюу айылында ушул жылдын 29-апрелинде саат 06.50 чамасында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды жана 24 адамды басып калган. Булардын ичинен бир үйдө адам жашаган эмес. Маалыматка караганда, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш бала эле. Алардын сөөгүн издөө жараянына Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин куткаруу кызматынын жоокерлери жана 400гө чукул жергиликтүү тургундар тартылган. Тилекке каршы, мындан майнап чыккан жок.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ