Menu

Орус тилдүү имамдардын билимин жогорулатууга арналган семинар старт алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Башкортостан Республикасынын дин өкүлдөрү менен биргеликте имамдарды окууту семинары өз ишин баштады. Бул иш чарага Чүй облусунунун жана Бишкек шаарынын имамдары катышууда. Семинарга Нафиков Дамир Россия Ислам университетинин проректору, Якибаев Юсуф Россия Ислам университетинин «имамдарды кайра даярдоо» кафедрасынын башчысы, Кензебаев Абдулькарим Россия Ислам университетинин окутуучусу жана Уфа шаарынын имам-хатиби катышып, өз билимдери менен бөлүшүүдө.

Уюштурулган семинардын башкы максаты Республикабыздагы орус тилдүү имамдарыбыздын билим деңгээлин жогорулатууга арналып, мазхаб, акыйда, фыкх маселеринде лекциялар өтүлмөкчү. Ошондой эле эки өлкөнүнүн дин кызматкерлеринин ортосундагы мамилени бекемдеп, салттуу динибизди жайылтууда, экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө жана башка маселелерде тажрыйба алмашуу болуп саналат.

«Биринчиден Кыргызстандын жалпы мусулмандарына Салам айтып Аллахтын тынчтыгын каалайм. Адам билим алганга караганда билгенин бирөөгө үйрөткөн оор. Биз бул жакка имамдарды окуталы деген гана максат менен келген жокпуз. Биз дагы сиздерден таалим тарбия алып, билим берүү, ажылык, үгүт-насаат жана уюштуруу жаатында да тажрийба алмашып сиздерден да сабак алалы деген максатта келдик.» деди өз сөзүндө Россия Ислам университетинин проректору Нафиков Дамир.

Келген конокторго алгач ыраазычылыгын билдирип, «Эки мамлекттин дин өкүлдөрүнүн ортосунда абдан тыгыз алака бар. Жөнөкөй имамдардан тартып жогорку муфтийлерибизге чейин. Бүгүнкү өтүп жаткан семинар ошонун көп далилдеринин бири десек жаңылбайбыз. Бул иш чара аркылуу койгон максатыбызга жетип, жыйынтыгы жемиштүү болот деген үмүттөбүз» деди өз сөзүндө КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов.

Эскерте кетсек бул семинар борборубуздагы «Биринчи адам» мекемесинде уюштурулуп, дагы сегиз күнгө созулмакчы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: