Коронавируска каршы күрөшүүдө дарыгерлердин катышуусу бир нече категорияга бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде өкмөттө өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Дарыгерлер категорияларга каралып ишке тартылган. Алар коронавирус менен ооруган бейтаптар менен иштеген дарыгерлер, үй карантининде жаткан адамдарды кыдырып, текшерип жаткандар. Ошондой эле чек арада туруп, келген жарандарды текшерип турган кызматкерлер бар. Мына ушуларды жалпы санынан карап көрсөк 5000-5500 адамды түзөт. Күндө жумушка чыккандардын саны өзгөрүп турат. Ушуну менен катар окуу процесси да жүрүп жатат. Кимдир бирөө жаңы, кимдир бирөө көптөн бери иштеп келе жатат, жаңы алгоритмдерди дайыма окутуп, маалымат берип турушубуз керек”,- деди Үсөнбаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ