Чиркин, адам болгондон кийин «пендечилик» деген болбой койбойт да. Канчалаган кадыры, арттырган аброю туруп бир иш үчүн болгон сый-урматтан кол жууш жаман экенин пенде убагында сезсе кана? Ырас, кезинде мамлекет үчүн айым башы менен бир топ олуттуу маселелер жаатында эмгек жасады. Бирок бир иш менен бүтүндөй карьерасына көө жаап албадыбы. Сөз «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, мурунку Башкы прокурор Аида Салянова жөнүндө жүрүп жатыры. Маселен, депутат Аида Салянова кайсы маселе болбосун өз пикирин билдирип, өз көз карашын айтып келет. Бирок баягы Азиз Батукаев боюнча сөз козголсо эле унчукпай, балыктын образында олтуруп бергени бир топ күмөндүү ойлорду жаратпай койбойт. Демек жакында Салянованын дагы бет пардасы сыйрылабы?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ