Menu

Өзбекстанда кол алдындагыларды кемсинткен чиновник иштен алынды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкери

Наманган облусундагы Уйчи районунун Мажбурлап аткартуу бюросунун башчысы Шерали Мамаризаев кол алдындагыларды кемсинткендиги үчүн жумуштан алынды.

Ал кызматкерлерди «келемиш, айбан жана салпаяк» деген жаман сөздөр менен урушуп, дайыма кемсинте тургандыгы жөнүндөгү макала «Азаттыктын» өзбек кызматынын сайтына өткөн жумада жарыяланган. Басылмага бюронун кызматкерлери Мамаризаевдин сүйлөгөндөрү жазылган аудиофайлдарды жөнөтүшкөн. Бирок алар жетекчисинин өч алуусунан коркушуп, аты-жөндөрүн айтышкан эмес.

Кызматкерлер бул боюнча февралда президент Шавкат Мирзиёевдин виртуалдык кабылдамасына расмий даттанышканын билдиришти.

Аталган райондун Мажбурлап аткартуу бюросунун өкүлү макала жарыялангандан кийин жергиликтүү аксакалдар келип, Шерали Мамаризаевден кемсинтүүлөрүнүн себебин түшүндүрүп берүүсүн талап кылышканын айтты.

– Бир-эки аксакал аны таяк уруп дагы жиберишти. Мамаризаев алардан качып кетти. Ал бир канча күн жумушка келбей, анын милдеттерин орун басары аткарып жүрдү. Өткөн жумада бизге жаңы жетекчи дайындалды. Андан бери Мамаризаев тууралуу эч кандай маалымат жок. Ал иштен алынгандан кийин жамааттагы атмосфера жакшы жагына өзгөрдү, — деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: