Menu

Кытайда коронавирустун жайылуусу тууралуу репортаж жасаган жарандык журналист соттолду

Бөлүшүү:

Кытайдын Ухань шаарында коронавирус жайылып жатканы тууралуу видеотасмаларды жарыялаган жарандык журналист Чжан Чжань төрт жылга эркинен ажыратылды.

Адвокаттын айтымында, Шанхайдагы сот журналистти «жаңжал чыгаруу үчүн чагымчылык кылууга» күнөөлүү деп тапты. Өкүмдө Чжань коронавируска байланышкан шаардагы башаламандык жөнүндө билдирүү таратуу менен элди дүрбөлөңгө түшүргөнү жазылган.

Адвокат журналисттин саламаттыгы начарлап жатканын, ал июнда ачкачылык жарыялап, бирок түтүк аркылуу мажбурлап тамактандырылганын кошумчалады. Анын айтымында, Чжань өткөн жумада катаал өкүм чыкса кайра ачкачылык жарыялай турганын билдирген.

Чжан Чжань Ухандагы абал тууралуу репортаж жасагандан кийин кармалган жарандык журналисттердин ичинен өкүм чыккан алгачкы журналист.

37 жаштагы Чжань февралда жарыялаган видеотасмалар интернетке кеңири жайылып кеткен. Аларда коронавирус аныкталгандан кийинки алгачкы күндөрү шаардагы ооруканалар бейтаптарга, крематорийлер сөөктөргө толуп турганы тартылган.

Кытай буга чейин вирус аныкталгандан кийин алгачкы аракеттери жана маалыматтарды жашыргандыгы үчүн дүйнө коопчулугунун кескин сынына кабылган.

Кийинки айда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун он окумуштуусунан турган топ коронавирустун пайда болушу боюнча изилдөө жүргүзү үчүн Ухань шаарына барат деп күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: