Menu

Милиция издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Бөлүшүү:

Милиция издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-сентябрь күнү саат 22:30 чамасында Токтогул районунун 1998-ж.т. Б.Т. аттуу тургунун 1997-ж.т. Б.К. учтуу курч нерсе менен оң жак далысына бир жолу сайып качып кеткен. Ошондой эле Б.К. 1998-ж.т. Ж.Б. аттуу Токтогул районунун тургунун белгисиз ок атуучу курал менен оң жак бутуна бир жолу атып, денесине жараат келтирген.

Аталган окуялар боюнча топтолгон материалдар Токтогул РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266 беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы фактыларга шектүү катары өтүп жаткан Токтогул районунун 1997-ж.т. Б.К. аттуу тургунуна Токтогул РИИБи тарабынан издөө иши ачылган.

Мындан сырткары Токтогул РИИБдин БЗМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 24-декабрында Токтогул районунун аймагынан Бишкек шаарына “У” аттуу атуул баңгизатын мыйзамсыз ташып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Токтогул РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүшү боюнча Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну 1987-ж.т. Э.Ж. башкарып бара жаткан “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Алынган маалыматтын негизинде текшерүүгө алган учурда, автоунаанын айдоочусунан өз ыктыяры менен целофан пакетине салынган өзгөчө кескин жыты бар болжол менен 220 гр. болгон “Гашиш” баңгизатына окшогон зат алынган. Жогоруда көрсөтүлгөн иш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында табылып алынган наркотикалык зат Токтогул районунун 1997-ж.т. Б.К. аттуу тургунуна таандык экендиги такталган.

Жогорудагылардын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү жана Токтогул РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн Токтогул районунун тургуну, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1997-ж.т. Б.К. Бишкек шаарынан кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: