Бул тууралуу15-ноябрда Бишкек ШИИБиси билдирди. Окуя 14-ноябрда кечки саат ондордо болгон. Логвиненко көчөсүндөгү 3-төрөт үйүнүн маңдайындагы көп кабаттуу үйдүн терезесинен эркек киши кулап, ошол жерден жан берген. Азыр экспертиза жүргүзүлүүдө. Каза болгон кишинин Кыргызстандын да, Улуу Британиянын да жарандыгы болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ