Menu

Видео – Дастанбек Жумабеков: Кыргызстандын эң биринчи парламенти 1938-жылы 284 депутат менен ишин баштаган

Бөлүшүү:

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Парламентаризм күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Тарыхый даталардын календарында бул мамлекеттик майрамдын пайда болгонуна аз эле убакыт болду. Парламентаризм күнү 2015-жылдан берип белгиленип келе жатат. Бирок, ата-мекендик парламентаризмдин тарыхый таржымалы 1938-жылдан башталары баарыңыздарга жакшы белгилүү. Анда 284 депутат эл ѳкүлдѳрү катары ант беришип, жумушчу жана дыйкандар Советине жогорку мыйзам чыгаруу органынын иш-милдети берилген болчу.

Кыргыз парламенти 80 жылдан ашуун убакытты камтыган тарыхында ар кыл кырдаалдарды басып өттү. Айрыкча, акыркы 30 жыл аралыгында парламентибиз элибиздин тагдырынын жана мамлекетибиздин калыптанышынын тарыхый күзгүсүнө айланды. Өлкөбүз үчүн өтө маанилүү деп саналган бардык саясий, экономикалык жана социалдык багыттагы маселелер парламент трибунасында чечилет. Ар кайсы категориядагы калктын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Жогорку Кеңеш мамлекеттеги негизги орган катары өнүгүп келет.

Алтынчы чакырылыштын иши да түрдүү чакырыктар менен коштолуп, ишмердүүлүгүбүздүн алкагында бир катар оор маселелер каралды. Биргелешкен аракетибиздин арты менен көп жылдан бери аткарылбай келген ар кандай долбоорлорду ишке ашырдык. Калкты социалдык абалын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлору кабыл алынып, жогорку кызматтагы адамдардын катышуусунда жасалган ири коррупциялык иштердин бети ачылды.

Биздин чакырылыштын акыркы сессиясы да коронавирус пандемиясына байланыштуу оор шартта өтүүдө. Андыктан каатчылыкка каршы чараларды күчөтүү аркылуу калкка жана экономикага колдоо көрсөтүү багытында Жогорку Кеңеш тарабынан туура, ишенимдүү жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышы өтө маанилүү. Коомубуздун келечеги биздин алгылыктуу аракетибизге, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин ортосундагы өз ара тыгыз байланыштын негизинде кабыл алынган чечимдерге көз каранды. Биргеликте азыркы оор кырдаалды ийгиликтүү жеңип чыгарыбызга ишенем!

Дагы бир жолу баарыңыздарды Парламентаризм күнү менен куттуктап, мамлекетибизге гүлдөп-өнүгүүнү, туруктуулукту жана экономикадагы жетишкендиктерди каалайм!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: