Канаданын борбору Торонто шаарында автоунаа сүзүп, кайтыш болгон кишилердин саны 10го жеткенин полиция кабарлады. Дагы 15 адам жарадар.
Айдоочу окуядан кийин дароо эле кармалды. Ал 25 жаштагы Алек Минассиан аттуу студент экени, жергиликтүү коллежде окуй турганы кабарланды. Шектүү адамдарды атайылап сүзгөнү айтылганы менен анын бул кадамынын чоо-жайы тактала элек.
Күбөлөр маалымдагандай, айдоочу катуу ылдамдык менен автоунаасын тротуарга айдап, кишилерди сүздүрүп кеткен. Шаар полициясынын башчысы Марк Сондерс шектүү мурда кылмышкерлердин же кай бир террордук топтун каттоосунда болбогонун билдирди.
Тергөө уланууда. Reuters америкалык коопсуздук кызматтарындагы булактарына таянуу менен полиция окуяны теракт катары мүнөздөп жатканын жазды.
Канада премьер-министри Жастин Трюдо бул окуяны “трагедия жана аёосуз кол салуу” деп атады.
Былтыр апрелде Стокгольмдун борборунда Өзбекстан жараны Рахмат Акилов уурдалган жүк ташуучу унаа менен жөө адамдарды тебелетип кеткен. Анда беш киши каза болуп, он беш адам жабыркаган. Сот отурумунда ал бул кадамы менен “Ислам мамлекети” террордук тобуна колдоо көрсөткүсү келгенин айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ