Баткен облусунун Лейлек районунун 48 жаштагы жашоочусу Х.Д. 27-октябрда мурдагы күйөө баласынын үйүнө барып, мылтык менен атып салганын 30-октябрда Баткен ИИБиси билдирди. Жигит анын кызы менен 2 жыл чогуу турмуш курган экен. Кыздуу болушканда, ажырашып кетишкен. Бир ай мурун башка кызга үйлөнгөн. Бирок мурдагы аялынын да тынчын алып жүрүп, башка бирөөгө кудалашып койгонун угуп, үйлөнө турган киши менен да мушташып кеткен. Мурда тартылган видеону интернетке жаям деп аялын да коркуткан. Муну уккан кыздын атасы мурдагы күйөө баласынын үйүнө барып, коркутам деп жатып, далысына атып алган. Ок жеген неме ооруканага жетпей жан берген. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ