Menu

Жамалбек Ырсалиев, “Жаңы Доор” партиясынын лидери : “Көк көз, сени элдин көз жашы жана каргышы уктатпай турган учур келет!”

Бөлүшүү:
“Жаңы Доор” партиясынын лидери Жамалбек Ырсалиев шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп, шайлоодо адилеттик болбогонун сынга алып, бийлик башындагы шайлоого таасир берген белгисиз көк көз адамды сөгүп пост жазды. Фейсбук социалдык тармагында ал атаган көк көз адам ким экендиги боюнча талаш жүрүп, жарымы Тайырбек Сарпашев дешсе жарымы Алмаз Атамбаев деп талашууда. Жамалбек Ырсалиевдин текстин өзгөртүүсүз беребиз:
“Акбаранын эмес Алтынайдын көз жашы!..  Алтынай деген эже биздин “Жаңы доор” партиясынын эсепчиси болчу. Кечинде ыйлады… Биздин жүрөктү кыйнады. Үй бүлөөсү менен барып 4 киши “Жаңы доорго” добуш берген элем так ошол участоктон 0 деген добуш эсеби келди. Капкара көзүнөн аккан жашты көрүп көк көз менен компьютерди сөктүм. Мындай эненин жана элдин көз жашы жана каргышы уктатпай турган учур келет. Эми биздин бюллетень эки тилде чыгыптыр. Эми макул башка улуттар түшүнбөйт экен “Жаңы Доор” дегенге түшүнбөйт деп орусча чыгарсың. Орус эмес орустун ити да барбаган Ак-Ордо же Бакай-Атага окшогон жаңы конуштарга эмнеге орусча бюллетень жиберди экен. Эми кызыңды сот зордуктаса арызданып кимге бармак элең дегендей эле болду! Эми алкыш айтып кубанычыбызды тең бөлүшөөр элибизге жана досторго,бизге бекер чуркап бергендерге жана бизге ишенип добуш берген элибизге терең ыраазычылык билдиребиз! Биз эми баштайбыз! Сиздер менен ийгиликтерге жетебиз. Кечээги ыпылас жана акча менен өткөн шайлоо дагы кайталанбашы үчүн чогуу күрөшөбүз. Элдин аманаты бизге берген добушу биздин партия үчүн ыйык. Себеби, Кудай баарын көрүп турат. Кудай өзү тараза! Элибизге таазим кылып терең ыраазычылык билдиребиз”.
Жамалбек Ырсалиев, “Жаңы Доор” партиясынын лидери.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: