Бүгүн, 3-сентябрда түнкү саат болжол менен 01.00.дө Москва метросунун “Курская” станциясында Нурлан Муратов аттуу кыргыз жигит полициянын иш бөлмөсүндө анын табелдик куралын тартып алып, аны менен полиция кызматкерин атып өлтүргөн. Бул тууралу Россиянын тергөө комитети билдирүү таратты.
Билдирүүгө ылайык “Курская” станциясынын пол жуугучу полициянын иш бөлмөсүнөн атылган куралдын үнүн угуп, ал жакка басканда алдынан толкунданган кебетеси менен Нурлан Муратов чыккан. Ал бирдемелерди айткан болуп, келип калган поездге олтуруп кетип калган. Пол жуугуч аял полициянын иш бөлмөсүнө баш багып, жерде өлүп жаткан полициячыны көрүп, ызы-чуу көтөргөн. Натыйжада ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү Нурлан Муратов Москвадан кармалган. Бирок ал күнөөсүн мойнуна албай танууда. Жоголгон полициячынын тапанчасы кайда экенин да айтпай жатат.
Тергөө комитетинин билдирүүсүнө караганда Нурлан Муратов 1975-жылы Кыргызстандын Кара-Кулжа районунда туулган. Азыр Россиянын жараны жана Оренбургда конфет фабрикасында иштейт.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ