Кечээ, 3-сентябрда Москвадагы “Курская” метро станциясында полиция кызматкерин атып өлтүрдү деп кармалган кыргыз жигит Нурлан Муратов ал кылмышка тиешесин жоктугун билдирүүдө. Анын айтымында аны полиция кармап, документтерин жоктугунан өзүнүн иш бөлмөсүн көздөй алып жөнөгөн. “Ушул жерде туруп тур” деп туалеттин эшигинин алдына Нурланды тургузуп койгон полиция кызматкери ичкери киргенде атылган пистолеттин үнү угулган. Нурлан полиция кызматкери өзүн-өзү атып алганбы же бирөө атканбы көрбөй калганын, бирок, жыгылып түшкөнүн көргөнүн айтат. Анан бул окуя тууралу пол жуугуч аялга айтып, коркконунан качып кеткенин билдирет. Тергөө улантылып жатканы кабарланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ