Menu

Жетигеновдун “желдетине” издөө жарыяланды…

Бөлүшүү:

Токмоктун мал базарында 26-август күнү КСДП партиясынан жергиликтүү кеңештин депутаты Тынай Жансейитов өзүнүн айылдашы Талант Жамангуловду бычактап салды. Аталган факт боюнча Токмок шаардык ИИБи кылмыш ишин козгоду. Шектүү изин суутуп качып жүргөнүнө байланыштуу, Токмок шаардык прокуратурасы камакка алуу боюнча санкция берген. Маалыматтарда, Тынай Жансеитов Токмокто криминалга катышы бар авторитет, “серый кардинал” катары таанымал. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигеновдун ишенген жигиттеринин бири. Жетигенов бул боюнча үн ката элек. Токмокто КСДПнын таасирин арттырып, камчысын чапкан Жетигенов адам өмүрүнө кол салган өкүмзордук мамиледен соң «жигиттерин» кайрадан тескеп чыкпаса болбойт го. Криминалдык окуялар кадырын көтөрбөйт.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: