15-ноябрдан баштап Бишкекте муздак суу менен канализациянын төлөмү кымбаттайт. Тарифти жогорулатуу сунушун (“Бишкек суу канал” ишканасы сунуштаган) бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаардык кеңеши карап, токтом кабыл алды.
Токтомдун негизинде, эл үчүн 1000 литр муздак суунун тарифи – 8,10 сомго, канализацияны колдонуу — 2,30 сомго жогорулайт. Бюджеттик уюмдар үчүн таза суу – 9,10 сомго, канализация – 3 сомго көтөрүлөт. Башка колдонуучулар муздак сууга – 13 сом, канализацияга – 6 сом төлөйт.
Ал эми мэрия: “Бүгүнкү күндө 1000 литр муздак суу үчүн шаардыктар 5,3 сом төлөшсө, баасы 8 сомго, канализация үчүн 1,20 сом төлөшсө, өздүк баасы 3 сомго чыгып кетип жатат”, — деп макул болбогондой болушту.
Эске сала кетсек, муздак суу менен канализациянын баасын жогорулатуу “Бишкек суу канал” ишканасы тарабынан сунуштаган. Алар 2017-жылы – 94,2 миллион сом, 2018-жылы – 89,8 миллион сом чыгым болгонун айтышкан. Алардын сунушун колдоп, тарифтерди көтөрүүнү долбоорун Бишкек шаардык кеңеши коомчулукка жайында алып чыгып, кулак кагыш кылган. Биз билгенден коомчулук каршы, терс кабыл алган. Ошентсе да, токтом кабыл алынды. Азырынча ушундай. Ал эми төлөй келгенде муну калк кандай кабыл алаар болду экен?..
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ