Menu

Мавлян Аскарбеков, активист: “Бабанов президент болгон соң, Атамбаевге 2-3 жыл тийишпей, бирок жанындагылардын баарын чабат”

Бөлүшүү:

– Мавлян мырза, эмне себептен коалициядан башка партия эмес, КСДП чыгууга аргасыз болду?

– КСДПнын көпчүлүк коалициядагы партиялардын ичинен “Ата Мекен” менен пикир келишпеген жагдай жаралды. Ошол себептен аны-муну чык деп отурбай эле өздөрү  коалицияны уратып, кайра түзүүгө аракет кыла башташты. Анткени, коалициялык көпчүлүктү таркатаар алдында эле, жаңы коалициянын түзүлүшүн сүйлөшүп алышкан. Ошон үчүн жаңы коалиция КСДП, “РАЖ”, “Кыргызстан” партияларынан түзүлүшү мүмкүн.

-Сиздин баамыңызда премьер-министрлик кызмат кимге буйруйт?

– Азыркы премьер-министр өз кызматында калат. Кээ бир министрлердин жаңылануусу күтүлөт. Коалицияга кирсе да Бабановго премьер-министрлик кызмат буйрубайт. Бабановдун коалициялык көпчүлүккө кирип, президентти колдоп жатканы, 2017-жылкы президенттик шайлоого катышып, бийликтин колдоосун алууну көздөөдө. Ушул шарт менен коалицияга кирип жатат. Премьерликке да барбайт. Атамбаев кийинки президенттикке Бабановду колдосо да, колдобосо да өзүнө же жандап жүргөндөргө чоң маселе жаралат. Колдобой койсо, Бабанов оппозицияга ооп, Атамбаевди баш кылып садага чабат. Эгер колдосо, Бабанов президент болгон соң, Атамбаевге 2-3 жыл тийишпей, бирок жанындагылардын баарын чабат.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: