Menu

Жанар Акаев, Жогорку Кеңештеги эркин депутат: “Абылгазиевге “реалдуулуктан алыстабаңыз” деп айттым”

Бөлүшүү:

– Өкмөт башчы боюнча кандай ойдосуз?

– Өлкөнү санариптештирүү боюнча өкмөттүн жакшы пландары бар экен. Бирок, жалпы алганда, отчеттогу көрсөткүч менен элдин турмушу эки башка реалдуулукта. Мисалы, азыр көчөгө чыгып, «өкмөттүн ишине канааттанасызбы, эмне кемчиликтер, көйгөйлөр бар?» деп элден сурасаңыз, абдан көп проблемаларды айтышат. А бирок, өкмөт «укмуш өсүп жатабыз, алдыга кетип калдык» дегендей сөздөрдү айтып жатат. Андай эмес. Абылгазиевдин айтканы боюнча, 2018-жылы Кыргызстанга 7 млн. турист келиптир. Буга ким ишенет? 7 млн. турист келсе, оңой эмес акча түшмөк го… Ал айткан 7 млн. туристтин жарымынан көбү орус жарандыгын алышкан кыргыздар. Ушул сыяктуу аша чапкан маалыматтар бар экен отчетто. Мен премьер-министрге «реалдуулуктан алыстабаңыз» деп айттым. Анткени, менимче 6-7 айдан бери Кыргызстанда позитивдүү эки гана жаңылык болду. Бирөө – футболисттер жеңип келгени, экинчиси – мушташкан кыз Шевченконун келиши. Ушул эки окуяны позитивдүү жаңылык катары көрдүм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: