Menu

Кыргызстан биринчи жолу окуучуларды электрондук жол менен баалоону киргизүүдө

Бөлүшүү:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектептердин 4-классынын 1344 окуучусу билимин электрондук жол менен баалоого катышууда. Бул иш-чара баланын китеп окуу жана окуганын баамдап, түшүнүү көндүмдөрү канчалык калыптанганын аныктоо максатында өткөрүлүп жатат. Иш-чарага кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилдеринде билим алган окуучулар катышууда.

Текшерилчү көндүмдөр тууралуу ишенимдүү жана так маалымат алуу үчүн пилоттук мектептерде электрондук баалоону Билим берүүнүн сапатын баалоо жана малыматтар технологиясынын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлүүдө. Баалоонун жыйынтыктары мугалимдерге билим алууда өзгөчө муктаждыгы бар балдарды, тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларды таап чыгууга, майыптуулугу бар балдар эмнеден кыйналарын түшүнүүгө жардам берет.

Баалоо 48 мектепте жана 10 бала бакчада “Бирге окуган сонун” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен ишке ашып, долбоорго ЮСАИД жана ЮНИСЕФ колдоо көрсөттү.

Өлкө боюнча мектептерде окуунун жыйынтыктарына терең, ар тараптуу анализ жүргүзүү максатында электрондук баалоо билим берүүнү башкаруунун улуттук маалыматтык системасына киргизилет. Бул анализ Билим берүү жана илим министрлигине балдар окууда кандай кыйынчылыктарга туш болоору тууралуу маалымат алууга, мугалимдердин кесипкөй көндүмдөрүн жана даярдыгын талдап чыгууга, окуу процессин жакшыртуу боюнча чечим кабыл алууга жардам берет. Баалоо жүргүзүү үчүн аспаптар китеп окуу боюнча улуттук билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыккан, алар PIRLS жана PISA өңдүү эл аралык деңгээлде колдонулган аспаптарга окшош.

“Сапаттуу билим берүү сабак өтүүдө жана окутууда кемчиликтерди таап чыгуу үчүн тийиштүү баа берүүнү талап кылат. Балдардын окуудагы ийгиликтерине баа берүү менен, биз билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн зарыл болгон жерлерде кемчиликтерди өз убагында таап чыга алабыз”, – деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: