Menu

Москва облустук сотунда атышуу болду. Өлгөндөр жана жаракат алгандар бар

Бөлүшүү:

Москва облустук сотундагы атышуу учурунда соттолуп жаткан тогуз кишинин үчөө жок кылынды. Дагы экөө жарадар. Андан тышкары сот аткаруучу жана күзөтчү жараланып, кеңседеги адамдар сыртка чыгарылган. Бул тууралуу Орусия ички иштер министрлиги билдирди

Окуя, маалымат каражаттарында жазылганга караганда, “Банда ГТА” деп аталган топтун иши боюнча сот өтүп жатканда болгон. “Интерфакс” айыпталуучулар коштоп бараткан күзөтчүлөргө кол салган деп жазууда. Атышуу ушундан кийин болгон.

2012-2014-жылдары Орусиядагы Дон федералдык трассасында 17 адам өлтүрүлүп, экөө жарадар болушкан. Кылмыш ГТА аттуу компьютердик оюндун тапшырмасына окшош болгондуктан медиада “Банда ГТА” деп аталып кеткен.

Соттолуп жаткандар диний радикал топко тиешеси бар борборазиялыктар делет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: