Menu

Улуттук китепканада “Акылга дыйкан ойго бай, Акылга кары Калкамбай” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө өтөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 20-сентябрында саат 11:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз эл жазуучусу, журналист, публицист жана сатирик Калкамбай Ашымбаевдин 85 жаш курагына арналга“Акылга дыйкан ойго бай, Акылга кары Калкамбай” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү, жолугушуу кечеси өткөрүлөт.

Белгилүү калемгер жазуучу, публицист жана чыгаан сатирик Калкамбай Ашымбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында туулган. Караколдогу мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүрүп, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

1952-1960-жылдары Кочкор районунун мектептеринде мугалим,окуу бөлүмүнүн башчысы кызматында үзүрлүү иштеген.

Журналисттик кесиптиги боюнча “Ленинчил жашта” адабий кызматкер, “Мугалимдер газетасында”, “Кыргызстан маданиятында” улук кабарчы, “Ден-соолук” журналында редактор, “Чалкан” сатиралык журналында фельетон башчысы, редактору болуп кызмат өтөгөн.

1957-жылы чыгармачылыгы “Атасы айыктырды” деген алгачкы аңгемеси менен тушоосу кесилген. 1963-жылы “Көк конверт” деген аңгемелер жана повесттер жыйнагы жарык көргөн.

К.Ашымбаевдин “Алачык”, ”Сокмо көйнөкчөндөр”, “Жанчар”, “Болоттун куймасы”, “Жолдогу өмүр” аттуу аңгемелери жана повесттери, ага удаалаш эле “Жарты жан”, “Кантсин бечара” аттуу сатиралык жыйнактары, “Интергельпо”, “Академиктин өмүрү” деген романдары жарык көрөт.

Ал коомчулукта чебер публицист катары да белгилүү. “Батакөй чал”, “Бой тумар” аттуу чыгармалары мектептерде окуу программасына киргизилип учурда окутулууда. Анын калеминен жаралган оргуп чыккан ой булагы, сөз кунары кыргыз адабиятын жаңы мазмун, жаңы форма  табылгалары менен байытты. Ал жаңычыл новатор калемгерлиги менен таанымал.Публицисттин чеберчилиги “Даанышман”, “Акылмандын каухар таш” асыл-ой берметтеринен ачык көрүнөт.

К.Ашымбаев Кыргыз жазуучулар, Кыргыз журналисттер союзунун мүчөсү, И.Арабаев атындагы, К.Тыныстанов атындагы университеттеринин Ардактуу профессору. Кыргыз адабиятына  сиңирген эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” наамы берилген. Көптөгөн  Ардак грамоталар,медалдар жана “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Көргөзмө 3 бөлүктөн турат:     1.”Улуу сөздүн устаты”;

  1. “Философиялык этюддардын ээси”;
  2. “Сүйүктүү жансың Калкамбай,
  3. Сүйлөгөн сөзүң “Чалкандай””.

 

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, илимдин, маданияттын кызматкерлери, студенттер, окуучулар жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: