Menu

Огайо штатында америка үй бүлөлөрү тарабынан багып алынган кыргызстандык балдар үчүн «Кыргызстандын мурастар күнү» болуп өттү

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 23-24-июнунда АКШнын Огайо штатынын Цинциннати шаарында «Кыргызстандын мурастар күнү» («Kyrgystan Heritage Weekend») болуп өттү. Анда Мэриленд, Вирджиния, Нью-Джерси, Пенсильвания, Калифорния, Юта, Техас, Теннеси, Монтана, Огайо сыяктуу штаттардан келген, америкалык үй-бүлөлөр тарабынан багып алынган Кыргызстандык балдар менен жолугушуу болду.

23-июнунда Огайо штатындагы кыргызстандык коомчулуктун өкүлдөрү менен кыргыз музыкасынын концерти уюштурулду.

Аталган иш чаранын ачылышында, Кыргыз Республикасынын АКШ жана  Канададагы Элчиси Кадыр Токтогулов Огайо штатынын Мейсон шаарында аталган иш чараны өткөрүүгө өздөрүнүн даярдыгы үчүн Огайо штатындагы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди жана Кыргызстандык балдардын жана алардын америкалык ата-энелеринин кыргыз элинин маданияты жана салттары менен байланышты үзбөөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кадыр Токтогулов америкалык ата-энелердин Кыргызстандан багып алынган балдарга берген мээрими жана камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Америкалык үй-бүлөлөрдүн жана алар багып алган Кыргызстандык балдардын, Огайо штатында жашаган мекендештердин катышуусунда өткөн эки күндүк иш-чаранын алкагында, кыргыз элинин маданиятын жана салттарын, мамлекеттик символдорун жана улуттук ырларды жана бийлерди үйрөнүү боюнча сабактар өткөрүлдү.

Программаны аяктап жатып, 2018-жылдын 24-июнунда балдар жана алардын ата-энелери кыргыз элинин улуттук оюндары менен таанышып, аларга катышты, ошондой эле улуттук тамак-аштарды даамдап көрүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: