Бүгүн, 20-мартта Ош облусунун Нокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тиешелүү буйрукка Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев кол койду.
Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал мезгилинде төмөнкү иш чараларга убактылуу чектөөлөр коюлат.
– коомдук тартипти сактоону күчөтүү, мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди кайтаруу, ошондой эле элдин жашоо-турмушун камсыздаган объектилерди коргоо жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
– эл көп чогулган объектилердин ишмердүүлүүгүн токтотуу;
– райондук штабдык мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизүү;
Белгилей кетсек, Ноокат районунун 3 тургунунан таажывирус аныкталган. Алар дагы умрадан келишкен. Азыркы учурда Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 6. (Сузак жана Ноокат райондорунда); Обсервацияда – 410.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ