Бизнестин битин сыгып жүрүп көнгөн көпөстөр мамлекеттик кызматка келсе эч качан жыргатпастыгын чейрек кылымдык тарых тастыктады. Анын бир далили катары Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевди атасак болот. Самсы сатып байыган бул эргул жетекчиликке келгенден бери кызарган жердин барына мурдун тыгып, капчыгын кампайтуу менен алек. Кыянбектин суктугунда чек жок экен, бети жоктуктун бийик үлгүсүн көрсөтүп, тарыхый датаны өзгөрткөнгө чейин барыптыр. Архивде 83 жыл деп турганына карабай, быйыл Ноокендин 90 жылдыгын өткөрдү. Муну Жалал-Абад облустук архивинин жетекчисинин орун басары Любовь Калыдева кан какшап айтып, 1935-жылы түзүлгөнүн көзгө сая көрсөтүп берип жатса уккан жок. Бул боюнча 19-декабрь күнү өткөн президенттин маалымат жыйынында да Ажого суроо берилди. Күч түзүмдөрү муну иликтеп, мыйзам алкагында чара көрүшү керек. Эми суроого кезек берели:
—Кыянбек мырза, жалган дата менен той өткөрүүгө кантип дитиңиз барды? Ноокен районунун түзүлгөнүнө быйыл 83 жыл болуптур, кандай максат менен 90 жылдыгын өткөрдүңүз? Элден жыйналган акчаны кымырыш үчүнбү? 90 жылдыктын урматкына өткөрүлгөн марафондон түшкөн миллиондогон каражат кайда короду?
Камчы Кадыров
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ