Пекин шаарынын «Тянь чяо» театрында “Манас” эпосу боюнча кытай тилиндеги операнын бет ачары болуп өттү. Бул туурасында КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, операнын сценарийин Кытайдагы белгилүү автор Ван Сяолинь жазган. Бул операга даярдык көрүү иштери эки жыл жүргөн жана ага Кытай мамлекеттик театрларынын жүздөн ашык артисттери катышкан.
Опера өзүнө эпостун эки бөлүгүн камтыйт – «Манас» жана «Семетей».
Анын финалында бардык убактардагы баалуу идеал катары Манастын арбагы кыргыздарга күч кубат берип, аларды бириктирет. Операда кыргыз элинин жашоосу жана улуттук кийимдердин уникалдуулугу көрсөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ