Азыр борбор калаабызда, башка аймактарда деле жайнаган дарыканалар бар. Бир эле дарынын баасы ар кайсы дарыканада ар кандай. Айтор, сатууда башаламандык орун алган. Өлкөбүзгө дарылардын 97%ы чет өлкөдөн келет экен. «Дарыларга болгон бааны көзөмөлдөө кыйын. «Биз республикадагы аймактардын бирине пилоттук долбоор киргизип, иштеп жатабыз. ЖК дарылар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдогон соң, карапайым калк жаңы өзгөртүүлөрдү кандай кабыл аларын аныктап жатабыз» деп дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин жетекчисинин орун басары Руслан Акматов маалымдады. Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Бермет Барыктабасованын айтымында, Кыргызстандын фармарыногунда 4000ден ашуун фармакомпаниялар бар жана дарыларды таратуучу миңден ашуун субъекттер бар. Дарылар рыногун 200дөн ашуун чет элдик дүңүнөн сатуучулар камсыз кылышат.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ