– Ахмат мырза, саясаттан кеткен жоксузбу? Такыр эле дайыныңыз жок болуп кетти го?
– Мени тагдыр, өзүмдүн баскан жолум мамлекеттик кызматка түрттү. Бешенеге жазылган мыйзамдан кача албайт экенбиз. Кудайга шүгүр, элим үчүн ак эмгек өтөп келатам. Дагы да келечек алдыда…
– Азыр эмне иш менен алексиз?
– Үй-бүлөгө көңүл буруп, достор, туугандар менен алаканы чыңдап, жай турмушта жүрөбүз.
– Бүгүнкү саясый кырдаалга кандай баа бересиз?
– Президенттик шайлоо чыр-чатаксыз өттү, элибиз тынч. Мына ушул чоң жетишкендик да. Жеке өзүм боюнча айтсам, мен саясаттан кетпейм. Убактылуу тыныгуу алып, келечекке карай
пландарыбызды аныктайбыз.
– Учурда Адахан Мадумаров бийликке оппозиция болуп, шайланган президенттин жеңишин тааныбай, катуу кетип аткандай. Бирок, анын рейтинги көтөрүлүүдө. Кандай дейсиз?
– Ооба, ар дайым бийликке сын айткан саясатчынын рейтинги көтөрүлөт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
– Ахмат мырза, жүрүш-турушуңуз демдүү, кызматы жок жүрсөңүз деле харизмаңыз күчтүү экенин билебиз. Бирок, саясый чоң иш-чараларга катышпай калдыңыз го, качан баш көтөрөсүз?
– Сабырдуулук ийгиликтин башаты болот. Жаңы эле шайлоо өттү. Президенттин инаугурациясы өтсүн. Мыйзамдуу бийлик калыптансын. Алдыда дагы чоң саясый күрөштөр бар. Буюрса, элимдин кызыкчылыгы үчүн пайдалуу иштерди жасагандан четте калбайм.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ