Сапар Исаков кечээ, 24-октябрда, Кыргыз Республкиасынын төрагалыгы астында өтүп жаткан Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Армени Республикасынын Ереван шаарына келди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайтвы жарыялады.
Ереван шаарындагы «Звартноц» эл аралык аэропортунда Өкмөт башчысын Армениянын саламаттыкты сактоо министри Левон Алтунян тосуп алды.
Жыйында Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин кызматташтыгы тууралуу актуалдуу маселелер талкууланат.
Премьер-министр Сапар Исаковдун кезектеги жыйынга катышуусунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында КР биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов, КР РФ ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, КР экономика министри Артем Новиков, КР Өкмөтүнүн алдындагы бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециясынын директору Калысбек Жумаканов, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, КР Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, КР Премьер-министринин кеңешчиси Гульнура Торалиева, КР тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ