Menu

Мэр Сарыбашев өзгөчөбү?

Бөлүшүү:

Азыр өзүнчө эле Палестина автономиялык областынын бир кездеги жетекчиси Махмуд Аббас сыяктуу болуп алган Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашевдин Россиянын жарандыгы бар дегени кашкайып айтылса да, азыркы бийликтин бийик төрүндөгүлөр көрмөксөн, укмаксан. Макул, алар асмандын башында болуп, «укпай», «көрбөй» жаткандыр? Балким алар андан дагы маанилүү маселелер менен баштары ооруп жаткан чыгаар? Мындайда А. Чеховдун унтерофицериндей болгон Башкы прократуранын башчысы Өткүрбек Жамшитов мырза эмнеге аракет кылбай жатат болду экен десең? Кубанычбек Кулматовго да Сарыбашевдикиндей эле айып коюлуп, бирок ал айып жалган болуп чыкса да абакта жатат го. Анан кантип бийликтин аракети бир жактуу эмес, тегиз жүрүп жатат деп айтабыз? Минтип ачыгын айтып бийликке «шүмшүк» көрүнгөн ММКлар айтпай койгон күндө да коомчулук баарын көрүп, угуп жатпайбы. Кайсы бийлик болсо да, маа демектен жеткен тиран бийлик болсо да мындай тандалма, бир жактуулук эртеби, кечпи андай кадамдары эч качан жакшылык менен аяктаган эмес. Бул биздин эле эмес, дүйнөлүк саясатта эбак аныкталган аныктама.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: