Menu

Кайрат Осмоналиев, БШКнын мүчөсү: “Максим Бакиевге тиешелүү делген жерге 2010-жылдан бери Болот жана Садык Шерниязовдордун иниси Баткен Шерниязов ээлик кылат”

Бөлүшүү:

“Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү N45-45А дарегинде жайгашкан Максим Бакиевге караштуу 1,28 гектар жердеги контейнерлерге жана автоунатоктоочу жайга азыр Баткен Шерниязов ээлик кылат. Ал элге белгилүү Болот Шер менен Садык Шердин иниси болот”, – деп билдирди кечээ, 17-февралда Юридика илиминин доктору, БШКнын мүчөсү, Укук коргоо органдары боюнча эксперттик кеңештин төрагасы Кайрат Осмоналиев маалымат жыйынында.

“Өткөнкү жыйында журналисттер “2010-жылдан бери ал Максим Бакиевдин жеринен ким пайда көрүп келе жатат?” деп сурашкан. Албетте ал жердеги автотоктоочу жай бекер эмес, акча табат, бирок баары жеке кызыкчылыкка ылайыкташтырылган. Түшкөн акча катуу тартипте эсепке алынып кириштелбейт, ошондуктан ал жерден канча пайда көрүп жүрүшкөнүн так айтуу кыйын”, – деди БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

Адистердин командасынын эсептөөсү боюнча 2010-жылдан бери ал жерден Баткен Шерниязов 2 миллион доллар пайда көргөнүн “Акипресс” маалымат агенттиги жазып чыкты.

2010-жылы апрелде кыргыз массалык маалымат каражаттары Баткен Шерниязов Кыргызстандын Москвадагы элчилигин басып алып, элчиликти жетектей баштаганын да жазып чыгышкан. Кийинчерээк Баткен Шерниязов элчиликти таштап кеткени айтылган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: