Алмаз Атамбаев 17-февралда Германия Федеративдүү Республикасынын Мюнхен шаарына жумушчу сапарынын алкагында Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Джордж Сорос менен жолугушту. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Жолугушууда Кыргызстандагы “Сорос” фондусунун ишине байланыштуу маселелер, анын ичинде маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү реформаларды колдоого багытталган программаларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ