Тажикстан Улуттук банкынын жетекчиси Жамшед Нурмухаммадзода мигранттар которгон акча көлөмүнүн азайышы – экономиканын ар кыл тармагын каржылоодо терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.
Анын айтымында, буга байланыштуу бийлик өтө зарыл эмес долбоорлорду каржылоодон баш тартууга аргасыз болууда.
– Каржы каатчылыгынан улам инвестиция агымы азайды, бул банк ишмердүүлүгүнө да терс таасирин тийгизүүдө. Бир жагынан алганда, эмгек мигранттары которгон акчалардын көлөмү да азайды, – деди Нурмухаммадзода.
Буга чейин эл аралык каржы институттары Тажикстан экономикасы, анын ичинде банк системасы мигранттар жөнөткөн каражаттан көз каранды экенин бир нече жолу билдиришкен.
Өткөн айда тажик бийлиги чет мамлекеттерде жашаган тажик эмгек мигранттарын өлкөгө инвестиция салууга чакырып, атайын фонд түзүүгө ниеттенип жатканын билдирген.
Орусиянын Борбордук Банкы жыл башында Орусиядан Тажикстанга акча которуу 2017-жылдын жыйынтыгы менен мурдагы жылга салыштырмалуу 600 миллион долларга көбөйүп, эки жарым миллиард доллардан ашканын жарыялаган. Адистердин эсебинде, бул Тажикстан ички дүң өнүмүнүн 37 пайызын түзөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ